Бразилиядан билим алган бишкектик Норус Оштон эмне тапты?

Кадимки эле банкадан жасалган асма чырактар, кооздук үчүн коюлган ашкабактар, тизилген китептер, жай музыка жана жагымдуу атмосфера….Мунун бардыгы өзүбүздүн эле Ош шаарындагы кафелердин биринде. Европа стилиндеги бул кофейняны Норус Бразилиядан билим алып келген соң, достору менен бирге ачкан. “Ош шаарын Бишкектен ашыра өнүктүргөнгө болот, анткени мында мүмкүнчүлүктөр көп”,- деген каарманыбыз эмне үчүн Ошто жашап, иштеп калгандыгы тууралуу айтып берди.

-Биз азыр эле Бразилиядан келген коноктор менен португал тилинде эркин сүйлөшүп жатканыңызды көрдүк. Адатта биздин жаштар англис, немец же корей тилин үйрөнүшөт. Сиз эмне үчүн португал тилин тандап алдыңыз?

– Мен деле Америкага барганга аракет кылып, бирок каражаттын жоктугунан бара албай калгам. Андан кийин бизге англис тилинен сабак берген бразилиялык мугалимдин сунушу менен португал тилин үйрөнө баштадым. Өзүмө да жакты. 2009-жылы Бразилияга 4 жылдык келишим менен маданиятты өнүктүрүү боюнча окууга кеттим. Алгач максатым – чет өлкөгө чыгуу, футбол көрүү  болчу. Бирок ал жактагылардын жашоосун көргөндөн кийин максатым жана көз карашым өзгөрө баштады.

Мен Бишкекте төрөлүп чоңойгондуктан, орусча сүйлөп, кыргыз тилине жана тарыхына маани бербептирмин. Бирок чет жерге барган кезде өз мекенимди, элимди көбүрөөк эстеп, тарыхыма кызыга баштадым. Кыргызстан деген кайсы жакта, кыргыз эли кандай эл, кандай жерде жашайт деп сураганда адамдын намысы ойгонот экен. Бул нерсе ар бир чет жерге барган кыргызстандыкта болсо керек.

– Азыркы бизнесиңиз жөнүндө айтып берсеңиз. Кофейня ачуу идеясы кайдан келди, кантип баштадыңыз?

-Биринчи жолу чыныгы кофенин даамын Бразилияда жүргөндө татып көрдүм. Аябай жагып калды. Ошондон кийин Кыргызстанга да мага окшогон кофе сүйүүчүлөрү үчүн кофейня ачыш керек деген идеянын үстүнөн ойлонуп жүрдүм. 2013-жылы Кыргызстанга келип, ата-энем Ошто болгондуктан, бул жакка сапар алдым. Бул менин биринчи жолу келишим эле, шаар аябай жагып, өзүмдү башка өлкөдө жүргөндөй сездим. Берекелүү, кенен, адамдары жөнөкөй экен.  Ошондо кыялымдагы кофейняны ушул шаарга ачса болоорун түшүндүм.

– Бизнес ачуу оңой эмес. Материалдык жактан ким сизди колдоду?

-Бизнести мен жалгыз эмес, досторум менен баштадым. Керектүү каражатты чогултуш үчүн баарыбызга баалуу деген буюмдарыбыздан баш тартууга туура келди. Мисалы, мен машинамды, компьютеримди жана телефонумду саттым. Өзүбүздөн башка эч ким колдоо көрсөткөн жок, жардам бере турган бай тууган-туушкандар деле жок эле.

– Кофейнянын аты өзгөчө экен, эмнени түшүндүрөт?

-Кафенин атын “Brio” деп атадык, бул эски португал тилинен которгондо,”жарык болуу” деген түшүнүктү берет. Ош шаарына жарык болсун, көрк берип турсун жана Ошту тааныткан кафе болсун деген максат менен тандап алганбыз.

– Замандын өнүгүшү менен шаарыбыздан кухнянын түрлөрүн тапса болот. Мисалы, европа, италия, уйгур жана корей ашканалары бар. Сиздердин бул кафе эмнеси менен айырмаланып турат?

-Бизнести баштаганда биринчи максатыбыз акча табыш эмес, жогоруда айткандай, элибизге чыныгы кофенин даамын таттыруу болчу. Андан тышкары, келген коноктор жагымдуу атмосферада эс алып, бири-бири менен баарлашып олтурушуна шарт түзүп бергибиз келген. Буйруса максатыбызга жеттик. Мындан тышкары, китеп сүйүүчүлөр үчүн атайын кызыктуу китептерди алып келип койгонбуз.   Тамак-аштарыбыз болсо адамдарга пайдалуу болушу үчүн өтө куурулбаган, өтө майлуу эмес тамактар. Кыскасы, адамдарга пайдабыз тийсе экен деген максаттабыз. Кафенин дизайнын өзүбүз ойлоп тапканбыз, асма чырактардан баштап, китеп текчеден бери колго жасап чыктык, даяр эч нерсе сатып алган жокпуз. Кудайга шүгүр, мээнетибиз текке кеткен жок, кафе чыгымдарын актап атат.

-Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуздар?

– Ар бир иште кыйынчылыктар болот. Бизде да болду, көбүнчө жогоруда айтканымдай, жаштар үчүн өзгөчө атмосфера түзүп, келген конокторго жакшы мамиле жасаган, ишине так адамдарды табыш кыйынга турду. Андан тышкары, Оштун эли биздегидей кофени ичип көнүшкөн эмес да, ошондуктан  жаңы ачылганда кофе ичүүчүлөрдү табыш да кыйын болду. Азыр жакшы, адамдар кофе ичип калышты. Бизге көбүнчө жаштар жана чет элдиктер келишет.

-Жаңы бизнес ачып, ийгиликке жеткиси келген адамдарга кандай кеңеш берээр элеңиз?

-Адам ийгиликке жетиш үчүн байдын же депутаттын баласы болуп, Кембридж же Гарвардда окуштун кереги жок деп ойлойм. Болгону адамдын көз карашы өзгөрүш керек. Инстаграм, Фейсбук жана телевизор эч кандай билим берип, адамды өстүрө албайт.  Андыктан, адам өсөм, өнөм десе китепти көп окуса жакшы. Ошондой эле ийгиликтүү адамдын артынан калбай ээрчип, үйрөнө турган нерелерин уялбай эле сурашы керек. Албетте, ийгилик “мына мен” деп эле келе калбайт. Адашуулар, жаңылуулар жана кыйынчылыктар менен келет. Эң негизгиси, ийгиликтин келээрине адам өзү бекем ишенгени маанилүү.

-Китепти көп окуш керек деп калдыңыз. Демек, өзүңүз да китеп сүйүүчүсүз. Акыркы жолу кайсы китепти окудуңуз?

-Ооба, мен кичинемден эле китепти жакшы көрөм, көп окуйм. Үйдө өзүмдүн китеп бурчум бар. “Бриого” дагы өзүмө жаккан, пайдалуу китептерди алып келип койгом. Башкалар да окусун деген максатта. Акыркы жолу Рей Брэдберринин “451 градус по Фаренгейту” деген чыгармасын окудум.

-Бразилия сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө баргандар кайра кайтып келгиси келбейт, сиз деле Бразилияда калып, жашап калсаңыз болот беле?

-Мен Кыргызстанды жакшы көрөм. Бразилияда калып, жашап калсам деле болмок, ал жакта жашоо жакшы. Бирок мен өз өлкөмдө, өз элимдин арасында жакшы жашай албасам, анда башка жерде кантип жакшы жашайм? Жашоосун жакшы кылып жашаш ар бир инсандын өз колунда.

Чет жерде  калбаганымдын дагы бир себеби-  карыганымда өзүмдү айыптабай, тынч жашагым келет. Өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды коштум дей тургандай болушум керек. Ошондуктан мен Кыргызстанымда жашап, Кыргызстанымда эле иштейм, а Бразилияга конок катары барып турам.

https://www.youtube.com/watch?v=K1OZQPe0UUs

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген