Бозумчакта каза болгон жаран үчүн компенсация төлөнбөй жатат

Ала-Бука районундагы Бозумчак кенин иштеткен “Казминералс” компаниясынын өкүлдөрү  менен жергиликтүү тургундардын жыйыны бир топ ызы-чуу менен коштолду. Кенге жакын жайгашкан Көк-Серек айылынын жашоочулары компания элдин талаптарын аткарбай жатканын айтып, кенде иштеп жүрүп каза болгон баланын кунун төлөп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Кабылбек Назаров билдирди.

Жергиликтүү активисттердин айтуусунда  маркум Айбек Маматкерим уулу  3 жылдай кенде иштеп, ал жерден ооруга кабылган.  Дарт менен бир нече алпурушуп ушул  жылдын 8-августтунда дүйнө салган.

“ Балам кенде иштеп жүрүп  эле каза болду. Анын оорусу болгон эмес. Үч мөөнөт менен оор шартта иштеген. Каза болгон соң,  компания эч нерсе төлөп бербейбиз деп жатат. Кимге кайрылышыбыз билбейбиз. Бизде адилетүүлүк барбы өзү”,- дейт маркумдун атасы Маматкерим Нурбаев.

Бозумчак кенин иштеткен казак компаниясынын өкүлдөрү болсо коюлган айыптоолорду четке кагууда. Анткени, бала кенде иштегенге чейин эле рак илдети менен ооруп келген. Эки тараптуу талашка чекит коюуу үчүн каза болгон жаранды соттук медициналык экспертизадан өткөрүү керек дешет. Эгер маркумдун ууланганы далилденсе компенсация төлөп берүүгө макул  экендиктерин билдиришет.

Буга чейин да активистер кендин ишин сындап, Айбек Маматкерим уулунун кунун төлөтүү боюнча нааразычылык билдирип чыгышкан. Бирок, жергиликтүү бийлик каршылык көрсөтүп  аларды коруктууга алган.

Бирок жашоочулардын көйгөйү муну менен эле токтобойт. Алар  компаниянын жүк ташуучу унаалары  жолдорду бузуп жатканын айтышат. Мындан сырткары элеттиктер кенге мүмкүн болушунча жергиликтүүлөрдү жумушка тартууну өтүнүшүүдө. Учурда жалпы 1200 жумушчу болсо, анын 241 жергиликтүүлөр.

Бозумчак кенин “Казминералс” компаниясы  2008-жылдан 2027-жылга чейин иштетүүгө лицензия алган. Аталган кенде 22 тонна алтын, 140 тоннадан ашуун  күмүш жана 140 миң тоннадан ашык жез бар.

Сүрөт: Кактус

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген