Босния: 2 кылымдык тарыхы бар өзгөчө мечит

Боснияда 1838-жылы курулган мечит бар. Анын өзгөчөлүгү, Осмон империясынын тушунда, эски ыкма менен курулган. Тагыраак айтканда, эч кандай мык же болбосо кандайдыр бир металл буюмдун жардамысыз тургузулган. 2 кылымга жакын тарыхы бар мечиттин бүгүнкү күнгө чейин, жада калса курулушка уруксат берилген документтери да сакталып калган.

Босниянын Бужим шаарындагы бул жыгачтан тургузулган мечит 19-кылымга таандык. Таң калыштуусу, ал эски ыкмада, мык колдонулбай курулган.

 Эмин Гросиц, имам:

Ал убактарда жаңы технология туралуу түшүнүк болгон эмес да. Ошондуктан баары эски ыкмада салынган.

Мечитти курууда бир да мык же болбосо кандайдыр бир металл буюмдары колдонулган эмес. Ал болгону эмен дарагынан гана жасалган.

Ошондой эле, мечиттин үстүнө мунарасы да кошо курулуп, жогору чыгуучу тепкичтери да бар. Ал эми айланасына балкон тегерете жасалган.

Эмин Гросиц, имам:

Мечитке жазында, шамал жүрүп турган маалда кирип көрсөң, кадимкидей силкинип, жыгачтан өрүлүп жасалган буюм сыяктуу, түрдүү үндөрдү угууга болот.

Мечит 1838-жылы курулган. Ал убакта Босния Осмон империясынын курамында болчу. Учурда, ошол маалда мечитти курууга уруксат берилген Осмондук губернатордун колу түшүрүлгөн документи да бар.

Мечит 300 чарчы метр аянтты ээлеп, 1000 кишини батыра алат. Ал эми майрам күндөрү, сыйынуучулардын агымы үзүлбөй, келген кишилердин басымдуу бөлүгүн улгайган адамдар түзөт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz