Боронов: Мындан ары дарыгерлердин вируска чалдыккан учуру катталбоого тийиш

Бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышкан ыкчам штабдын жыйыны өттү. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышып, коронавируска каршы өлкөдө кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.

Анда белгилүү болгондой, вируска чалдыккандар менен байланышта болгондорду издөө дагы да уланып жатат. Ошондой эле инфекция чыккан жерлер дагы дыкаттык менен дезинфекцияланууда.

Мындан тышкары вирус жуктурган дарыгерлердин санынын өсүшү боюнча маселе козголду.  Кубатбек Боронов медицина кызматкерлерин болушунча вирустан коргоочу кийимдер жана каражаттар менен камсыз кылуу тапшырмасын тиешелүү министрликке берди.

“Илдетке чалдыккан дарыгерлердин санынын 30дан ашышы өкүндүрөт.  Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учур. Дагы бир жолу айтам, ар бир медицина кызматкери коргоо кийими жана каражаттар менен максималдуу түрдө камсыздалсын. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек”,-деди Боронов.

Биринчи вице-премьер жогорудагы маселелер боюнча кемчиликтерди кетиргендер жоопко тартылаарын кошумчалады.

Вирус жуктурган 32 дарыгердин кайсы жерден экендиги айтылды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген