Боронов менен Арипов чек арада сүйлөшүү өткөрүштү

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтейт жана күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

Бул тууралуу 1-июнда Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушкан Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов макулдашышты.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, Боронов менен Арипов “окуяга байланыштуу өкүнүү билдирип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты”.

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат. Алардын экөө реанимацияда, абалы оор. Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтук тургуну «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган, расмий маалымат айтыла элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген