Борборго жаңы соттор дайындалды

Президент  Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык жана райондук сотторду дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өлкө башчы  Бишкек шаардык сотуна жана Биринчи май, Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

КР  Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан  жалпы  8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

“Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Анын жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент жергиликтүү сотторуна 7 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду”,-деп айтылат билдирмеде.

Президент талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып,  сегиз талапкердин бирөөсүн тизмеден алып салды.

Жарлыкка президент кече 30-июлда кол койгон.

Ага ылайык,  Бишкек шаардык сотуна: Досмамбетов Азизбек Анарбекович, Садыкова Гульмира Сартовна, Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич дайындалды.

Ал эми  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотун  Бейшеева Зарема Асаналиевна, Орозбакова Максат Асанкуловна,  Свердлов райондук сотун  Асаналиева Чынара Сейткадыровна, Исаева Айзада башкармай болду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген