Шамал учурган байрактын ордуна өз желегин коюп, таң атканча коруп чыккан жигит ким?

Кыргыздын патриот жигити Азамат Жаналиев 24-апрель күнү кечки саат 24:00дон тарта таң атканга чейин борбор калаадагы Ала тоо аянтында Кыргызстандын байрагын көтөрүп турган.Кыраан жигиттин бул аракетин “Ак кыймыл” коомдук бирикмесинин мүчөсү Максат Чакиев тасмага тартып алып, маэктешкен видеосун өзүнүн Фейсбук баракчасына жайгаштырган. Учурда патриот Жаналиевдин дарегине кыргызстандыктар тарабынан тынымсыз алкыштар жана ыраазычылыктар жаап жатат.

Кечээ түнү Ала тоо аянтындагы байрак катуу шамалдан улам урап түшкөн. Кечке маал үйүнө келип, интернетке баш баккан Азамат Жаналиев аянттагы желектин түшүп калганын көрүп, дароо эле колуна желек алып аянтка келген. Нөшөрлөгөн жамгырга карабай, байрактын жанында турган Жаналиев кыргыздын желеги жерде жатпасын деген гана максатта болгондугун айтат.

“Эч токтоосуз эле аянтка жөнөдүм. Өлкөмдүн желеги түшпөсүн деген ой менен шашылыш келдим. Анткени байрак аза күткөн учурда гана түшүрүлөт. Ошондуктан, чоң желек ордуна илингенге чейин кичинекей желекти коюп алып, кайтарып турам”,- дейт Азамат.

Жаналиевдин жамгырда тургандыгын көргөн дагы бир Азамат аттуу Бишкектин жашоочусу үйүнөн курткасын көтөрүп келип Азаматка кийгизген.

Ал эми негизги байрактын түшүп калганын көргөн шаар бийлиги түнү менен эч кандай чара көргөн эмес. Таңкы саат 5те дагы желек илинген жок.

Азамат Жаналиев- “Улуу кыргыз изи” деген долбоордун жетекчиси, буга чейин 62 күндө бүтүндөй Кыргызстанды велосипед менен кыдырып чыккан. Андан тышкары Казакстанды, Грузияны жана Азербайжанды да велосипед менен багындарууга жетишкен.

Ошондой эле Жаналиев-мык жана жиптин жардамында стринг-арт ыкмасы менен уникалдуу сүрөт тарткан художник. Ал Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиёевдин, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулдун сүрөттөрүн тартып, кыргыз элинин атынан белек кылган. Ошондой эле Саякбай Каралаев, Ахмад Кадыров, Пётр-1, Чыңгыз Айтматов жана башка белгилүү инсандардын сүрөттөрүн аталган ыкма менен тартып, коомчулуктун назарына сунуштаган.

Аталган видеону төмөндөн көрсөңүз болот.

Опубликовано Максатом Чакиевым 24 апреля 2018 г.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген