Борбордук аянтта “Баарына каршы” акциясынын өтүшү пландалып жатат

Борбордук аянтта баарына каршы добуш берүүгө чакырган тынчтык митинги өтөөрүн “Кыргызстан жашылдар партиясы”  саясий партиясынын лидери Эркин Булекбаев Facebook баракчасына жазды. 

Анда маалым болгондой, аталган акция 23-сентябрь күнү Ала-Тоо аянтында өтөт. “Баарына каршы” акциясы кыргызстандыктарды парламенттик шайлоодо эч бир партияга добуш бербөөгө үндөйт.

Аталган чакырыкка интернет колдонуучулар түрдүү пикирлерин калтырып, мындай акция уюштуруу туура эмес экендигин жазышса, айрымдары акцияга катышып, шайлоодо баарына каршы добуш берээрин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген