Борбор Азияга аяз келди. Эмнени күтүп, эмнеге даяр болуу керек?

Бул аптада Кыргызстан менен Казакстанда аба ырайы күндүн темасына айланды. Аймакта катуу суук башталганына бир нече күн болуп калды. Аба ырайы боюнча талкууга өзбекстандыктар да кошулду. Ал жакта да температура кескин төмөндөй турганы айтылып жатат. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Аия онлайн” жакын арада күн жылыйбы же жокпу, өлкөлөр суукка кантип даярданып жатышат жана аяз күндөрү эмнеге даяр болуу керек деген суроолорго жооп издеди.

Иллюстративдик сүрөт

Аба ырайынын болжолу: суук, аябай суук, ит өлгүдөй суук

Жакынкы үч күндө Казакстанда да, Кыргызстанда да күндүн жылышы күтүлбөйт.

“Муздак антициклон алдыңкы үч күндө бул аймактан кетпейт. Андыктан Казакстандын басымдуу облустарында жана Кыргызстандын түндүгүндө орун алган аяз уланат”, – дешет синоптиктер.

Демек, катуу суук бери дегенде апта аягына чейин турат. Казакстандын батышында жана түштүгүндө бул күндөрү бурганак да коштойт. Ага байланыштуу Кызылордо, Актөбе, Түштүк-Казакстан облустарында шашылыш билдирүү таратышты.


24-январда Казакстандын борбордук, түштүк-чыгыш жана түштүк облустарында аба температурасы климаттык нормадан 3-8 градус, түндүк жана чыгыш аймактарында 10-18 жана ыраакы чыгышында 20-23 градуска төмөн болду.


Кыргызстанда да суук, жакынкы күндөрү температура дагы төмөндөйт. 27-29-январда Бишкекте түнкүсүн -24, Суумасыр өрөөнүндө -40…-45°C болот. Бул орточо климаттаттык нормадан төмөн. Бирок рекорддук чектен ашып өтө элек.


Архивдик маалыматтарга карасак, Бишкекте эң суук күн 1969-жылдын 28-январында орун алган. Ал күнү термометр көрсөткүчтөрү -31,9га чейин түшкөн! Ал эми 2007-жылдын 30-январында +19,2°C болгон, бул да температуралык рекорд.


Бишкекте аба ырайы кантип өзгөрүп жатканын көрсөткөн видео.

Өзбекстандыктар азырынча жылуу аба ырайынан ырахат алууда. Бирок синоптиктер эскертет: 27-январдан республикада аба темпетарурасы төмөндөйт, айрым жерлерде -18ге чейин жетет.

Муниципалдык кызматтар күжүрмөн даярдыкта

Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү мекемелери аязга даяр экенин билдирүүдө. Өзгөчө ӨКМдин иши оорлоду.

Кыргызстанда министрлик өзгөчө режимде иштеп жатат: кошумча атайын техника тартылды, ыкчам топтор он мүнөттүк, негизчи күчтөр кырк мүнөттүк даярдык жарыялашты. Издөө топторунун кызматкерлери керектүү жабдыктар менен камсыз болушту.

Казакстанда болсо бул күндөрү тоолуу райондордо адамдарды унаадан алып чыгып, куткарып жатышты. Екатеринбург-Алматы жолунда бузулуп калган автобустан Кыргызстандын 21 жараны куткарылды. Аларга жардам көрсөтүлүп, жылынуу жайына жеткирилди. Ага чейин автобустардан Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары куткарылган.

Катуу сууктан дизель майы тоңуп калган. Автобуста 43 адам бар эле, алардын ичинде казакстандык эки айдоочу жана өзбекстандык жүргүнчүлөр. Ушул эле күнү жол-патрулдук полициясы Мерке-Тюмень багытындагы автобуста бараткандарга жардам беришти.

Буланды районунун Макинск шаарынын жанында автобус бузулуп калган. Унаада 2 айдоочу менен 55 жүргүнчү болгон, алардын баары Тажикстандын жарандары.

Катуу суукка премьер-министр Бакытжан Сагинтаев да көңүл бурду. Ал мамлекеттик мекемелердин башчыларына кайрылып, кызматкерлерди кечке чейин кармабашын суранды.

Мындан сырткары  окуу токтотулду. Астанада 23- жана 25-январда мектептер жабылса, Алматыда 1-9-класстын окуучулары үчүн 26-январдан сабактар убактылуу токтотулат.

Бишкекте мектептер 26-январдан 30-январга чейин жабылды.Окуучулар калтырган сабактарын кийин ишемби күндөрү окушат.

Окуучуларды “карантинге” жиберүүнү депутаттар сунушташты. Алардын бири “балдар суукта калтырап-титиреп жатат” десе, дагы башкасы үйдөн унаага жетип баруу мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул сөздөр социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Жакшылык флешмобу: Борбор Азия тургундары аязда бири-бирине жардам берип жатат

Казакстан менен Кыргызстандын жашоочулары бири-бирине жардам берүүдө: шаардык кызматтын жумушчуларына ысык чай жеткирип жатышат, унаасы барлар жөө адамдарды акысыз жеткирүүдө, ишкерлер болсо тоңуп калгандарды өз кеңселерине жылынып алууга чакырууда.

Жакшылык флешмобу Астанадан башталды. Борбордогу “Нур Астана” мечити тургундар үчүн акысыз такси уюштурду. Таңкы саат сегизден шаарда 30 унаа каттайт, алар аялдамаларда, көчөдө үшүп тургандарды дарегине жеткиришет. Ошондой эле аяз күндөрү мечит аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ысык тамак жеткирип, көчө шыпыруучулар менен куруучуларга ысык чай берип жатат.

Борбордогу полиция кызматкерлери флешмобго кошулду. Тартип сакчылары Астана көчөлөрүндө унаасы жүрбөй калган айдоочуларга жардам берип, жөө адамдарды үйлөрүнө жеткирип жатат.

Астананын соода түйүндөрүндө, ал тургай аялдамаларда калоочуларга акысыз чай сунушталууда.

Илюсстрадивдик сүрөт

Кыргызстанда да жардам колун сунууга даяр адамдар бар. Hoster.kg компаниясы алардын кеңсесине жакын тургандардын баарын жылынып алууга чакырды.

“Эгер сиз тоңуп калсаңыз, биздин кеңсенин эшиги ачык. Конокко кирип, жылынып, кофе же чай ичсеңиз болот. Кош келиниздер», –  деп жазды фирманын башкы директору Сергей Ершов социалдык тармактарга.

Компаниянын кеңселеринин даректери:  Ахунбаев / Абай; Киевская /  Мир жана Горький проспектилери/ Байтик Баатыр.

Жакшылык флешмобун Бишкек шаарынын башка тургундары да улантууда. Алекс Егоров эки жакты карап жүрүүгө чакырды, балким көчөдө бирөө тоңуп калгандыр же кошуна кемпирге жардам керек чыгар. “Жакшылык кайтат!” – деп жазды ал.

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков жолу бир адамдарды эрте менен ишке ала кетүүгө даяр. “Катуу суук башталды, коомдук транспортту күтүп, көчөдө узак туруу кыйын. Эгер кимдир бирөө менен жолубуз бир болсо, 8.15 чамасында ВДНХдан Айтматов проспектисине ылдый карай түшөм. Чүй проспектисине чейин жеткире алам”,  -деп жазды ал соцтармактарга.

Фото: Гуля Алмамбетова

Биринчи балдар хосписи “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине #чайжылыт акциясын баштады. Аяз суук кеткенче хоспис кызматкерлери көчөдө иштегендерге ысык чай берип турат.

Акцияга WhatsApp +996556400400 номуру аркылуу кошулса болот.

Ал ортодо Бишкектеги Республикалык ден соолукту бекемдөө борборунун адистери дарыгерлердин кеңешине кулак салбаган ар бир эле адам үшүккө кабылышы мүмкүн экенин эскертишти. Өзүңүздү сууктан кантип коргой аласыз, төмөндөн көрүңүз. Жөнөкөй эрежелерди билип, сиз бул жагымсыз жагдайды оңой эле жеңе аласыз.

Мороз_крг.jpg


Кантсе да казакстандыктар ит өлгүдөй суукка ар кандай реакция жасап жатат. Айрымдары муну тамашага салууда. Тоңуп калган шаарларда тартылган ар кандай видеолор интернетке жайнады. Карагандалык жигиттер флешмоб башташты – алар майка жана шолок чымчан дүкөндөргө барып жатса, стакан толо кайнак суу менен эксперимент жасагандар да табылды. Анан “Титаниксиз” болчу беле. Ар бир астаналыктын ичинде бул күндөрү баягы Джек тоңуп жатканын айтып, күлүп жатышат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar