Борбор Азияда болгон туристтердин адаттан тыш 10 пикири

Туристтик сезон маалында “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” саякатчылардын эң популярдуу форумдарын изилдеп, адаттан тыш, бирок кызыктуу пикирлерди чогултту. Мунун  чет элдиктерге да, аймактагы жашоочуларга да пайдасы тиер.

ТАЖИКСТАН

“Тажикстанда музейлер көп эмес, өзгөчөлүк деңгээли орто жана ортодон ылдый. Көпчүлүгү тажатма, андыктан аларга акча коротуунун пайдасы жок: Тажикстанга кооз жаратылышы үчүн барышат”.

“Тажиктерден меймандостугуна карабай, ири шаарларда аларга алданбоо керек. Адамдар сизге жылмайып, сыпаалыгын көрсөтөт, бирок кийинчерээк ал жасалмалуулуктун артында сизге товарды кымбат сатмакчы болушканын же тааныш-тууганынын шарты жок мейманканасына барууга кеңеш бергенин билесиз”.

Тоолуу аймактарда бул эрежени унутса болот, шаардан канчалык алыстаган сайын ошончолук таза адамдарга бет келесиз.

“Тажикстандын тартип сакчылары, өзгөчө Дүйшөмбүдөгүлөр бардык туристтин маанайын түшүрүп коюшу мүмкүн. Дүйшөмбүдө милиция “коркунучу” күч жер – президенттин сарайы. Көпчүлүк айыпсыз туристтер дал ушул жерде сүткөр милициянын курмандыгына айланышат. Фотоаппаратчан туристти алар дароо таап, сиз тарапка бет алат. Анан стратегиялык объект деген шылтоо менен акча талап кыла башташат. Же лирикалык киришүүсүз эле дароо акча сурашат”.

ӨЗБЕКСТАН

“Өзбекстанда туристтин баш оорусу – бул улуттук валюта, сум. Өлкөдө эки курс бар: расмий жана бейрасмий, айырмасы бир топ. Өзүңүз байкап көрүңүз: расмий түрдө $100 үчүн сизге 350 миң сум беришет, а бейрасмий – 850 миң. Расмий курс Өзбекстандын шаарларындагы анча көп эмес банктарда иштейт, анан бул жакта акчаны бир багытта эле алмаштыра аласыз, башкача айтканда, чет элдик акчаны сумга, тескерисинче эмес. Андыктан келгендер да, жергиликтүү эл да валютаны алмаштыруунун бейрасмий ыкмасын кодонушат, бирок бул өзбек мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Тартип сакчылары буга тыкыр көз салбаганы менен тобокелдик бар. Жакшысы – акчаны мейманкана же таксиде алмаштыруу керек. Бирок айдоочулар бейрасмий курсту бир топ эле түшүрүп салышат. Анан бул жактагылар доллардын майдараак купюраларын жактыра беришпейт, ал тургай 50 еврону да. Майда долларга сизге азыраак сум беришет.

Мындан сырткары Өзбекстанда эң чоң купюра – 5 миң сум, бирок долларыңызды 5 миң сумдуктарга алмаштыруу үчүн көп аракет кылуу керек, адатта миң сумдуктарды карматышат. Кантсе да бир нече жүз долларга сиз капчыкка сыйбай турган акчаны аласыз. Колуңузга тийген тыйынды санап чыгуу деле кыйын, сумду таңгактап коюшканы аз да болсо жардам берет.

“Туристке өзбек бажысында бир топ эле кыйын болот. Колуңузда бар акчанын баарын – рубль, доллар, өзбек суму же дагы башкасын өлкөгө кирип баратып декларациялашыңыз керек, болбосо чыгып келе жатканда чоң көйгөй жаралат. Бардык акчаны, майда тыйынды да декларациялоо керек. Декларация кагазында валютаны көрсөтүүгө үч жолчо эле каралган, сиз андан чыгып эле болгон акчаны көрсөтө бериңиз”.

Ушул эле кагазда Өзбекстанга кирип бара жатып жаныңызда болгон бардык баалуу буюмдарды көрсөтүү керек – алтын, күмүш, техника жана башкалар, анан анын болжолдуу баасын же моделин көрсөтүүнү унутпаңыз. Өлкөгө кирип баратканда колуңузга берилген декларация кагазыңызды жоготуп алуудан кудай сактасын, өзбекстандык бажычылар муну катуу көзөмөлдөшөт.

КЫРГЫЗСТАН

“Ажаткана? Бадалдын түбүнө бара бериңиз! Кыргызстанда табигый муктаждыкты канааттандыруу жайлары дээрлик жок. Жол жээгинде, табият койнунда ажаткана таппайсыз. Мисалы, өлкө туштүгүндөгү бийик тоодогу Сары-Челек көлүндө. Ал жакта жергиликтүү эл саякатчыларга бадалдар тапка жол көрсөтүшөт”.

“Өлкөдө байыркы эстеликтерден экөө эле: Токмоктогу Бурана мунарасы жана Өзгөндөгү чакан архитектуралык комплекс. Анан бир нече байыркы мечиттер бр, бирок алар анчалык кооз эмес, ашыкча рестраврациялап салышкан”.

Кыргыз шаарларынын көпчүлүгү, анын ичинде Бишкек, Ош, Жалал-Абад – бул эскирген советтик имараттар жана жеке сектор. Эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөдө көңүл бураарлык эч нерсе курулган эмес.

Кыргыз музейлери зеригичтүү, көпчүлүгүндө экспозициялар совет доорунан бери жаңыланган эмес. Бишкектеги музейлер гана бир аз жакшыраак, анткени көп болбосо да кызыктуу экспонаттар бар”.

“Кыргызстанда тамак (Оштон башка жактарда) начар. Бишкекте жакшынакай тамактануу жайлары болгон менен өзгөчө ашканасы менен мактана алышпайт. Бул жакта улуттук тамактарды да жакшы жасашпайт”.

КАЗАКСТАН

“Казакстандыктар коопмдук жайларда жылмайышпайт деле, сүйлөшүүдөн алыс. Бул жакта сизди Өзбекстан же Тажикстандагыдай конокко чакырып же тамак беришпейт, а көчөдөгү эл, тилекке каршы, жылмайышпайт. Экинчи жагынан мунун жакшы жагы деле бар, Тажикстан, Өзбекстандагыдай «Hello!» деп айланаңызга топ балдар чогулбайт. ”

“Эгер сизге такси керек болсо, атайын унааларды издеп отуруунун кереги жок. Акча таап алууну көздөгөндөр ар бир шаарда кездешет. Бирок сиз амалкөй шоопурдун жалгыз кардары болбой калышыңызга даяр туруңуз же ал маршруттук багытты өзгөртүп, алгач жолоочуңузду жеткирип коюуну чечет, эгер сиз нааразы болсоңуз, ошол жерден унаадан түшүрүп салышы ыктымал”.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz