Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Түркмөнстанда жолугушат

Быйыл күзүндө Түркмөнстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу болуп өтөт. Иш-чараны уюштуруу маселеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө көтөрүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысынын расмий сайтында маалымдалды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана аймактагы кызматташтык маселелери талкууланган.

Маалыматтан белгилүү болгондой, президенттер быйыл Түркмөнстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кезектеги Кеңешме жолугушуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын программасын даярдап чыгуу макулдашылды.

Андан тышкары эки президент Ооганстандагы, анын ичинде өлкөнүн түндүк чек араларындагы кырдаал тууралуу сүйлөшүшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.