Борбор Азия өлкөлөрүндө экс-президенттердин кандай кол тийбестиги бар?

Кыргызстанда оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелсе, экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу механизминин үстүндө иштеп жатышат. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча суроолорду берүү үчүн мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салууну сунуштагандан кийин ушундай чечим кабыл алынды.

 Мурдараак белгилүү укук коргоочу, “Прецедент” өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылып, мамлекеттин мурдагы башчысынын “КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери” мыйзамында жазылган кол тийбестигин баш мыйзамга каршы келет деп табууну суранган.

 Азырынча бул кол тийбестик күчүндө, “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” Кыргызстандын экс-президенти эмнеден айрылып калышы мүмкүн экендигин карап көрдү. Аны менен бирге Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө мудагы мамлекет башчыларына мыйзам эмнени кепилдерине кызыкты.

 


Салыштыруу үчүн

АКШнын экс-президентинин макамы тууралуу мыйзам пенсиядан сырткары федералдык министрдин айлыгына барабар (айына 15 миң доллар) акча берилет, мурдагы башчы жана анын үй-бүлөсүнө – аялына, жашы жете элек балдарына коргоону, кеңсе, секретариат үчүн акы, жеке архивин мамлекеттик эсебинен кармоо кепилденген. АКШнын экс-президенттери бул кепилдиктерден пайдаланышпайт. Франциянын мурдагы президенти мамлекеттик кызматта калып, өмүр бою Конституциялык кеңештин мүчөсү боло алат. Бул жылына 100-140 миң евро өлчөмүндө туруктуу киреше, юридикалык кол тийбестик, акысыз үй-жай, коргоочуларды жана айдоочулары менен эки унааны берет. Бирок бул үчүн мурдагы президент саясий ишмердүүлүктөн баш тартып, шайлоо жолу менен ишке ашчу кызматтарга талапкер болбошу шарт. Германиянын мурдагы канцлери эч кандай артыкчылыктарга ээ эмес. Кол тийбестик кепилдиктери жок.


Кыргызстан. Баарына тиешелүү

Кыргызстандын экс-президенти өмүр бою кала турчу макам, ал бир катар артыкчылыктардан көзү өткөнчө пайдаланууну кепилдейт. Анын баары “КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу” мыйзамында жазылган, документ Аскар Акаевдин тушунда 2003-жылы кабыл алынган.

Ага ылайык, экс-президентти кызмат учурунда жасаган иштери үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартууга болбойт.

Экс-президенттин кадыр-барк, бедели да кол тийгис. Ошондой эле экс-президентти тинтип же суракка алууга болбойт. Кол тийбестик анын бүт мүлкүнө, анын ичинде транспортуна да тиешелүү. Белгилей кетсек, эгер экс-президентти кол тийбестиктен ажыратса эле ал бүт артыкчылыктан кол жууп калбайт.

Анын катарында 1000 доллардын айланасында пенсия (бул азыркы президенттин айлыгы жогоруласа көтөрүлө берет). Пенсия курагына жеткенде экс-президентке ушундай эле өлчөмдө дагы пенсия чыгат.

Экс-президентке өмүр бою берилген артыкчылыктардын катарында Кыргызстандын аймагында мамлекеттик коргоо кирет, ошондой эле ага мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою колдонууга беришет.

Экс-президент каза болсо, мамлекет анын үй-бүлөсүнө мурдагы ажонун алты пенсиясына барабар акчаны ай сайын төлөп турат. Ошондой эле үй-бүлө кызматтык автоунаадан пайдалануу укугуна ээ болот.

Азыр Кыргызстанда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана экс-президент макамы бар.

Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бул макамдан ажыратылган.

Юрист Токтакуновдун пикиринде, экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзамды өзгөртүү керек, анткени мурдагы өлкө башчысы президент болуп турганда жасаганы үчүн гана эмес, азыр же кийин жасай турган иштери үчүн көзү өткөнчө жоопко тартылбайт.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кыргызстандын парламенти кол тийбестик абсолюттук болбогондой кылып мыйзамды өзгөртүшү керек деп эсептейт.

“Бирок кол тийбестиктен толугу менен баш тартуу болбойт. Андайда азыркы президент келечекте оппоненттеринин куугунтугуна кабылышы мүмкүн. Ал кийин куугунтукка калам деп өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуудан тайсалдашы ыктымал”, – дейт ал.

 

Казакстан. Жеке Назарбаев үчүн

Казакстанда 1995-жылдан бери “Казакстан Республикасынын Президенти тууралуу” мыйзамы иштейт. VI бөлүмдө экс-президенттерге кепилдиктер жазылган. Анда “Республиканын экс-президенти мамлекеттик чыккынчылыктан башка учурларда – Республиканын Президентинин ыйгарым укуктарына байланыштуу ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик ала албайт” делет.

Бирок 2000-жылы “Казакстан Республикасынын тунгуч президенти – Улут башчысы” тууралуу мыйзамы иштелип чыкты. Ага Назарбаев 2010-жылы гана кол койду. Аты айтып тургандай, документ бардык президенттерге эмес, жеке Нурсултан Назарбаевге гана тиешелүү.

Мыйзам 13 беренеден туруп, анда тунгуч президенттин жана анын үй-бүлөсүнө берилген кепилдиктер кеңири баяндалат. Ушул мыйзам боюнча Назарбаевге абсолюттук кол тийбестик кепилденет.

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Улут Башчысын кармап, тинтип, суракка алууга болбойт.

Кол тийбестик Улут Башчысынын бүт мүлкүнө, аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жана алар колдонгон турак-жай, кызматтык имараттар, кызматтык унаа, байланыш каражаты, кат алышуу, документтерине тиешелүү. Банктык сыр тутуу жана Улут Башчысынын, аны менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктык эсептерине кол тийбестик кепилденет.

Албетте, бардык кепилдиктер өмүр бою сакталат. Алардын айрымдары Улут Башчысынын көзү өткөндөн кийин да калат. Мисалы, Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Улут Башчысынын сүрөттөрүн мазактоого жол берилбейт жана мыйзамда жаза каралган.

Тажикстан. Тынчтык негиздөөчүсү

Тажикстанда 2015-жылы “Тынчтык жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улут Башчысы тууралуу” деген мыйзам кабыл алынган. Ал Улут Башчысынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кол тийбестик макамын аныктайт. 2016-жылы парламент бул мыйзамга конституциялык макам берди.

Баса, тынчтыкты жана улуттук биримдикти негиздөөчү – Улут Башчысы наамы азыркы президент Эмомали Рахмонго гана тиешелүү.

Тынчтыкты жана улуттук биримдикти негиздөөчү – Улут Башчысына кол тийбестик “Тажикстан мамлекеттинин жана элинин алдында жасаган зор жана тарыхый эмгеги үчүн” кепилденген.

Рахмон Жогорку Кеңештин Төрагасы, президенттик мөөнөтү жана Улут Башчысы болуп турганда ыйгарым укуктарын аткарганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Аны кармоо, камакка алуу, тинтүүгө тыюу салынат.

Кол тийбестик Рахмондун жана мүй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө да тиешелүү.

Банктык сыр тутуу жана Рахмондун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктык эсептерине кепилдик бар.

Бардык кепилдиктер Тажикстан Республикасынын конституциясы менен бекитилген.

 

Өзбекстан. Жесирге да кам көрүшкөн

“Өзбекстан Республикасынын президенти тууралуу” мыйзамы экс-президент үчүн гана эмес, анын жесирине да артыкчылыктарды берет. “Экс-президенттин жесири багуучу каза болгонуна байланыштуу башка каржы булагы болгонуна карабай пенсия ала алат”.

Ошондой эле мыйзамда өз ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин отставкага кеткен Президент Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлис Сенатына өмүр бою мүчө боло алат.

Өзбекстандын экс-президенти өмүрү өткөнчө кол тийбестик жана иммунитетке ээ, мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу эч бир иши үчүн кылмыш же дагы башка жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны кармап, суракка алып, тинтүүгө болбойт.

Албетте, анын материалдык артыкчылыктары бир топ.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген