Бизнес башта: туризм бизнесин өнүктүрүүдөгү алтын эрежелер

Кимдир бирөөнү жакындан билүү үчүн аны менен алыс жолго же саякатка чык деп коет. А эс алууга баарууда алгач эле капчыгыбызды карап,  анан сөзсүз туристтик агенттигине баш багабыз. “Бизнес башта” программасы көпчүлүк  көрөрмандардын сунушу менен  туризм тармагына кайрылат. 

Туризм тармагында иш жүргүзгөндөр биз иштейбиз, а силер эс алгыла деп калышат. Чындыгында сырттан караган кишиге бул бизнес таза кеңседе эс алганча отуруп, жумушунун оорчулугу таптакыр билинбегендей сезилет. Туризм жаатындагы ишкерлердин жумушу азыр мурдагыдан да жеңил болуп калды. Кыйналып, көп эшик кагып документ чогултуп, лицензия алуу түйшүгү жоюлган.

Атаандаштык күч болгон бизнестин бул түрүндө мүмкүнчүлүк да чоң. Ал үчүн  башында туура багытты тандоо зарыл. Кыргызстандагы басымдуу турагенттиктер өздөрүнө ыңгайлуу болгон шарттар менен иш жүргүзүшөт.

Туризмдеги дагы бир кирешелүү бизнес түрү бул –  гид кызматы. Сиз жашаган жакка туристтер көп келсе, бардык көчөлөрдү, кооз жайларды билсеңиз, эмнеге  муну өздөштүрүүгө болбосун. Негизгиси, мыкты гид болуш үчүн  айрым эрежелерди эске алып койсоңуз болду. Туристтик бизнести алдыга жылдыруунун сырлары “Бизнес башта” программасында толук камтылган. Видеону басып, толук таанышыңыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген