Бизнес башта: көчөттө көп акча барбы?

Бизнести сөзсүз эле чоң шаарда ачыш керек деген чектөө жок. Айыл шартында деле кирешелүү ишкерлик жүргүзсө болот. “Бизнес башта” программасы жер тандабаган, дарамети жакшы көчөт ишкерлиги тууралуу сөз кылат.

Сезондуу бизнес

Көчөт бизнеси сезон тандаса да кирешелүү. Жылдын жаз мезгилинде гана сатылса деле суроо-талап жогору. Чыгашаны киреше  кеминде эки эсеге чейин кайтарат. Жер тилкенин ижара акысы да кымбат түшпөйт. Эгер өзүңүздүн жер үлүшүңүз болсо андан да жакшы. Аз акча менен деле бизнестин бул түрүн баштап кетүүгө болот. Албетте, баштапкы чакан бизнести бара-бара кеңейтүү  сиздин аракетиңизге көз каранды.

Багбанчылыкка таптакыр шыгы жоктор деле  көчөт бизнесин түптөп кете алат. Анткени бул багыт кызмат көрсөтүүчү жана өндүрүш ишкерлигинин катарына кирет. Ал үчүн дайыма көчөттөргө кам көрчү багбанды ишке аласыз. Эгер анын маянасын үнөмдөйм десеңиз, өзүңүз үйрөнүп алганыңыз оң.

Көчөт канча сом?

Көчөттөр жашына жана чет жактан алып келгенине карата бааланат. Кымбаты  500 сомго чейин чыкса, арзаны 20 сом турат. Демек ар бир түбү акча. Эгер болжолдуу эсептеп көрө турган болсок, 2 миң көчөттү 100 сомдон  сатсаңыз, 200 миң сом табасыз.

Кайсы көчөткө суроо-талап жогору?

Алма көчөтү базарда өтүмдүү. Себеби мөмөлүү бак тиккендердин көпчүлүгү кирешелүү, анан да жылдын ар мезгилинде сатканга болот деп алма эгишет. Сиздин негизги кардарыңыз да мына ушулар болот. Сезонунда алар кеминде 2 миң көчөткө чейин алышат. Ара- чородо беш-алтыдан болсо да, үйлөрүнө утурумдук жегенге деп алма экендер көп келээрин унутпаңыз.

Бизнес эксперттер азыр көчөттөрдүн көпчүлүгү чет өлкөдөн алып келинип жаткандыгын белгилеп, сатып алууда жергиликтүү климатка ылайыктуулугун тактоо керектигин эскертет. Анан да көп санда тигүүнү каалагандар ортомчусуз талаа-питомниктерден сатып алганы оң. Муну менен бир топ акчаны үнөмдөп калууга болот.

Сүрөт: Спутник

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген