Биздин замандын ысымдары. Жарыкка келчү наристеңизге ат тандаңыз

А дегенде эле учурдун ысымдары Умар менен Раянадан башталат. Андан ары улай Алинур, Алихан, Алия, Фатима деген аттар мурдагы жылдардай эле 2019-жылы да популярдуулугун жоготкон эмес. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоонун кызматчылары тастыктады.

Өткөн жылы жаңы төрөлгөн наристелердин көпчүлүгүнө Нурислам, Али, Амина жана Айлин деген аттар коюлган.

2019-жылы дүйнөгө келген эркек балдарга сейрек коюлган ысымдар болуп: Айюб, Абу Бакир, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чынгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих табылды.

Ал эми ушул эле жылы жарыкка келген кыздар арасында Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү деген аттар бул жылы бирден гана кызга ыйгарылды

Сүрөт интернеттен алынды.

Мамкаттоо: 2019-жылы Кыргызстанда эркек балдар көп төрөлдү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген