“Бизди жок кылбаган нерселер бизди күчтүү кылат”

Адамдын тагдырын алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Ар бирибиз эмоционалдык жактан да, физикалык жактан да даяр болбогон абалда болуп калышыбыз мүмкүн. Биз өсүп жатканда бала кезибизде, өспүрүм курагыбызда эгерде биз жылуу жана кам көрүү менен курчалган болсок, анда биз кемсинтүү, ырайымсыздык, уруп-согуулар, тоноолор, кордук көрсөтүү, зордуктоо, мобинг (куугунтуктоо) сыяктуу нерселер жашоодо орунга ээ болорун божомолдобойбуз… Бирок мындай нерселер болушу мүмкүн. Эгерде жашоодо зомбулук болсо, анда адамда анын айланасындагы дүйнө кыйрап калгандай сезилет. Зомбулуктун бардык түрлөрүнүн кесепети болжолдуу түрдө бирдей. Алардын тереңдиги, таасир этүүсүнүн күчү айырмаланат. Чоочун адамдар тарабынан келтирилген жаракат жеңил айыгат – аны түшүндүрүү жеңил. Тааныш адамдардын аракеттери менен келтирилген зыян, өзгөчө туугандар, жубайлар, классташтар, жолдоштор келтирген зыян олуттуу жана күчтүү жаракат алып келет, анткени жапа чеккен адам бул нерсеге социалдык түшүндүрмө бере албайт. Тууганың болуп саналган зомбулук кылган адамга доомат келтириш керек жана ошол эле учурда “өзүн өлтүрбөш” керек болгон учурда психологиялык жактан да, юридикалык жактан да абдан оор нерселер башталат, анткени ал адам сенин жашооңдун бир бөлүгү жана өзүңдү кабыл алуу болуп саналат.

Зомбулукту баштан өткөрүүнүн туура эмес ыкмаларынын бири – унутканга аракет кылуу, башкача айтканда, бул нерсе мени менен болгон жок деп четке кагуу жана айтуу. Коркуу көмүскө эс тутумда калат, ал эми биз аң-сезимдин деңгээлине чыгарбаган нерселер бизди башкарат жана биз аны байкай да, токтото да албайбыз. Кесепет катары жаракаттар саламаттык чөйрөсүндө, үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндө, адамдар менен мамиле түзүүдө билинет, аракечтикке, баңгиликке берилип, айрым бир учурларда суициддик аракеттерге алып келет. Зомбулукту башынан өткөргөн адам өзүн күнөөлөшү мүмкүн. Ал ой жүгүртө баштайт: “Менде эмне туура эмес? Мен жетишээрлик агрессивдүү болбосом керек?”, – ушундай ойлогон адам бара-бара кырдаалдан, мисалы талаш-тартыш же тиричиликке байланыштуу чыр-чатак учурларында кичинекей эле терс мүнөздөгү сезимдер болгондо агрессияны көрсөтө баштайт. Башка вариант, зомбулукту башынан өткөргөн адамдар өздөрүн күнөөлөйт же курчап турган дүйнөнү күнөөлөйт, бул айланадагы адамдар менен андан аркы коммуникацияда кыйынчылыктарды пайда кылат.

Жыйырманчы кылымда психологдор “травматикалык инциденттин редукциялары” аттуу белгилүү ыкманы колдонушкан. Бул ыкманы ишке ашыруу менен зомбулуктан жапа чеккен адам депрессиядан чыгат деп эсептелген. Ыкма кийинкидей: адам зомбулуктун башынан өткөргөндүгү жөнүндө бардыгына айтып берет: психологго, ортоктош болгон топко, досуна, айланадагы адамдарга. Бир нече убакыттан кийин ал бул нерсени “иштетип чыкты”, андан ары жашоосун улантат, бул нерсе өттү деген көрүнүш түзүлөт. Бирок, зомбулукту башынан өткөргөндүгү жөнүндө айланасындагы адамдарга айтып берген адамдар убакыт өткөндөн кийин эч кимге эч нерсе айтапаган адамдарга караганда өзүн жаман сезгендиги аныкталган. Албетте, өзүнүн башынан өткөргөн сезимдери менен сөзсүз бөлүшүү керек, бирок сени барктаган, ийгиликтериңе кубанган, жаман нерселерге сени менен ортоктош болгон достор жана жакын адамдар менен гана бөлүшүү керек, эң башкысы алар жаман нерсени башынан өткөргөндөн кийин ал жаман жакка өзгөргөн жок деп эсептешет. Зомбулуктан жапа чеккен адам ушул сыяктуу нерсени башынан өткөргөн адамдар менен баарлашса абдан жакшы, анткени аларга бири-биринин сезимдери жакшыраак түшүнүктүү болот. Тилекке каршы, алган жаракатына “байланып алган” психологиялык топтор да болот: “Бизди сабап салышты, эми биз бири-бирибиз менен гана достошобуз, анткени биз тандалгандарбыз, биз кордолгондорбуз. Бизге бардыгы боору ооруп, жардам бериши керек. Эмне үчүн сен бизге бооруң ооруган жок? А сен бооруң ооруп жатабы, сени да кордошту – сен жакшысың!” Жана мындай адамдар бул нерсеге байланып, анын негизинде жеке жашоосун түзөт, айланадагыларды манипуляциялай баштайт, өзү үчүн артыкчылыктарды издейт”.

Зомбулуктун кесепеттери менен күрөшүү боюнча психологиялык иштин практикалык ыкмалары психолог Ганс Сельенин стресстин теориясына негизделген: эгерде адаттагы нерсенин чегинен чыккан бири нерсени башынан өткөргөн адамдын нерв системасынын реакциясы баштапкы деңгээлге келсе, башкача айтканда, эгерде адам калыбына келе алса, анда бул окуя ал адамдын баа жеткис тажрыйбасы болуп калат. Ал анын эс-тутумуна кирет, ал көптөгөн пайдалуу жыйынтыктарды жана ынанымдарды иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Бирок, ал үчүн кадимки тажрыйбасынын чегинен чыккан окуяларга ээлик кылуу мүмкүн эмес. Анын нерв системасында өчпөй турган травматикалык сезгенүү калат, бирок ал көмүскө эс тутумга кирип кетет. Мисалы, эгерде адамга ит кол салса, анда ал анын кол салуусунан коркуп кетет, ал бир канча убакыт иттерден коркуп жүрөт, бирок ал кинолог-дрессировщик болуп иштесе, анда ал кол салуу коркунучуна көнгөн жана коргонуунун ыкмаларын билет, ит кокустан кол салган учурда ал көп убакыт жаман абалда болбойт. Эгерде адам кооптуу райондо жашаса жана ага бейбаш адамдар кол салгандан кийин чөнтөгүнө газ баллончигин салып калса – бул жакшы жана туура, а эгерде ал үйдөн жада калса беш мүнөткө да баллончиги жок чыгуудан корксо, аны колуна кысып кармап алып, дайыма жанына алып жүрсө, анда бул невроз жана мындай учурда абалды жакшыртуу үчүн жакын адамга көйгөй жөнүндө айтуу аздык кылат жана писхологго кайрылууга туура келет.

Үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн чечүү партнёрдун экөөнүн тең жашоосун кайра түзүү зарылдыгына алып келет. Мисалы, күйөөсү дайыма физикалык зомбулук көрсөтүп, кемсинтет, ал эми жубайы ыйлап, эмне үчүн экендигин билбестен, кечирим сурайт, андан кийин ал күйөөсүн күнөөлөйт, сенден кетем деп айтат, күйөөсү кечирим сурайт, сүйүүсүн билдирет, калуусун суранат. Бул нерсе жылдар бою болушу мүмкүн. Татаалыраак схема да болушу мүмкүн. Жапа чеккен адам үй-бүлө мүчөлөрү жактан кысымга алынат, чыр-чатак пайда болот, жапа чеккен адамды кезектешип күйөөсү, кайненеси кемсинтет, андан кийин кимдир бирөө биринчи кечирет жана коргой баштайт, анан кайра элдешүү болот.

Элестетип көрөлү, алар элдешишкен жок. Эми алар кантип бири-бирин жакшы көргөндүгүн билишет? Эмне жөнүндө сүйлөшүшөт? Ким эми кечирим сурайт? Бирде бир жакты, бирде экинчи жакты жактаган туугандар эмне кылышат? Айланадагы адамдардын бардыгы  жубайларды элдешүүгө түртө башташат. Мамилелердин баалуулугу жөнүндө ойлонуштуруу партнерлор узак мөөнөт бири-биринен алыста болгондон кийин жана байланыш (6 айдан кем эмес убакыт) болбогондон кийин гана мүмкүн. Эгерде мындай мүмкүн болуучу узак мөөнөттүү ажырашуу учурунда ал жубайларды “зыян келтирүү жана жапа чегүү” оюну гана байланыштырып турса жана партнёрлордун бирөө да өзгөрүүнү каалабаса, алар ажырашып кетишет, а эгерде алар бири-биринен алыста болуу менен ортодогу боштукту сезип, баштан өткөрүшсө, үй-бүлөлүк жашоосунда зомбулук кылуу жана жапа чегүүдөн тышкары чоңураак нерсе бириктирип жаткандыгын жана партнёрдун башка кызыктыра турган жактары бар экендигин түшүнүшсө, алар бири-бирин жаңы жактан таануу менен жаңы мамиле түзө башташат. Бирок, аларда үй-бүлөлүк жашоодо жаңы алектенүүчү нерселер, сергек жашоонун жаңы мүнөзү болушу керек, булардын бардыгы жүрүм-турумдун жаңы моделин калыптандырат. Жубайлардын экөө тең үйдө, карьерада, жумушта, кайрымдуулук кылууда өзүн көрсөтүү үчүн мейкиндик болушу керек. Мында кандайдыр бир кол өнөрчүлүк ылайык келет, түймө түйүү, тигүү, багбанчылык, ооруган адамдарды, балдарды, неберелерди багуу, китеп окуу, кызыктуу адамдардын тегерегинде убакыт өткөрүү, саякаттоо, кулинария, музыка, живопись, программалоо менен алектенүү ж.б., ошондой эле күн тартибин да жакшы жакка өзгөртүү керек, туура тамактануу, спорт менен машыгуу зарыл. Үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйү үй-бүлөнүн гана деңгээлинде чечилбейт. Мамлекет үй-бүлөлүк психологиялык консультация берүүчү кызматтарды өнүктүрүү, туризмди, китепканаларды, музейлерди, клубдарды жана спорт, фитнес менен машыгуу үчүн залдарды, көңүл ачуучу чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү, кайрымдуулук кылуу маданиятын, элдик кол өнөрчүлүктү жайылтуу, эрезеге жеткен адамдар үчүн ар кандай билим берүүчү курстарды жана программаларды ачуу аркылуу үй-бүлөнү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшү керек. Жубайлар бири-бирин сыйлаган үй-бүлөдө бардык көйгөйлөр ачык айтылат – бул жашоонун нормасы. Ачык сүйлөшүүлөр – бул намыстуу эки күчтүү адам жөндөмдүү болгон абдан тыгыз байланышты издөө жана ээ болуу. Күйөөсү кол көтөргөн аял туура жүрүм-турумунун жардамы менен жана ачык болуу аркылуу күйөөсүнө күч-кубаттуу болууга жардам бере алат. Эгерде бул мүмкүн болсо, анда аял жаңы сый мамилени түзүүнүн демилгечиси боло алат.

Макала Европа Биримдиги «Элдин биримдиги көп түрдүүлүктө» долбоорунун тарабынан каржыланат. ОшМУнун психология бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Акчач Олмасовна тарабынан даярдалды. Аталган басылмада айтылган ой-пикирлер авторлорго таандык жана Европа Биримдигинин көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

Балдарга карата зомбулук күчөдү

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.