“Биз” гезити: калыс назар салабыз

Теле, радио жана сайтына ээ болгон “Ынтымак” медиакомпаниясы 2014-жылдын 19-ноябрында “Биз” деп аталган гезитинин биринчи санын чыгарды.

Гезит кыргыз жана өзбек тилдеринде басылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сатылат.

Бул гезит социалдык-маданий маселелерди чагылдырат.

Кыргызстандагы улут аралык достукту бекемдөө, мамлекетте болуп жаткан окуяларды окурмандарга бейтарап жеткирүүнү максат кылган гезит “Биз калыс назар салабыз” урааны менен иштеп келет.

Эки тилдеги “Биз” гезити башында 1300 нуска менен чыкса, кийин 3 миңден ашты.

16 беттүү “Биз” гезити айына эки жолудан жарык көрөт. Гезиттин баш редактору – Даврон Насибханов.

Гезитте “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын журналисттери тарабынан даярдалган макалалардан сырткары окурмандар жөнөткөн материалдарга да көбүрөөк орун берилет.

Учурда “Биз” гезитин жаңы технологиялардын жардамында кайрадан өзгөртүп иштеп чыгуу максатында жумуштар жасалып жатат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz