Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 8 талапкер катышат

БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 8 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.

Боршайкомдон билдиришкендей, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт. Башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө жыйынтыкталат.

Биринчи май округу боюнча:

1. Сартаев Анвар Айдарович;

2. Токтакунов Нурбек Акбарович;

3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.

Свердлов округу боюнча:

1. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

2. Жолдошова Назгүл Амантуровна;

3. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

4. Алмамбетова Гуля Идиновна.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.