Ош базарын кайрадан өрт каптады

Бишкек шаарындагы “Берекет” базарында өрт кырсыгы катталып, 2000 чарчы метр аянтты күйгүзүп кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоо тууралуу маалыматта кырсык 2018- жылдын 13- апрелинде саат 03:50 чамасында катталгандыгы айтылат. Куткаруучулардын ыкчам тобу өрт катталган жерди таңкы саат 07:40та чектөөгө алган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдары такталууда.

Сүрөт: Чагылган

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген