Бишкектеги батирлердин биринен он машине таштанды чыгарылды

“Тазалык” кызматкерлери эки күн бою Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүн акыр-чикирден тазалашты. Батирден жүк ташуучу унаа менен он жолу акыр-чикир алып чыгууга туура келди.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, 18-ноябрда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак-жайдын жашоочусу түтүктөрү жарылып кеткенин кабарлаган. Авариялык бригада убактылуу жылуулук берүүнү токтоткон.

Бирок дароо батереяларды оңдоого мүмкүн болгон эмес, себеби бир бөлмөлүү батирдин ичи таштандыга толуп калган. Улгайган аял социалдык жардамдан баш тарткан.

Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 2015-жылдан бери батирде тазалык иштери жүрбөй келгенин айтып, даттанып жүрүшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген