Жол кырсыгынан милиция кызматкери каза болду

Жол кырсыгынын кесепетинен Нарын ОИИБнын кызматкери каза болду. Бул туурасында ИИМнин басма сөз кызматы кабырлады.

Окуя, 10-январь Бишкек-Торугарт айлампа жолунан он алтынчы чакырымында болгон.

“Болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек-Торугарт айлампа жолунун Алга айылынан белгисиз айдоочу батыштан чыгышты көздөй бара жатып азият улутундагы 35-40 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү алган ар кандай жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерден каза болгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон жөө жүргүнчүнүн өздугү такталып, ал Нарын ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев экендиги аныкталды”-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген