Бишкекте ЖККУнун кезектеги жыйыны өтүп жатат

Бүгүн, 28-ноябрда, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Аталган жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков келген.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Алар алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүшөт. Күн тартибине 17 маселе киргизилген.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык кылуу милдети быйыл Россияга өткөрүлүп берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.