Бишкекте жеке ишкерди тапанча менен коркутуп тоногон жаран кармалды

Бишкекте жеке ишкерге кол салып, акчасын карактап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 21:00дө белгисиз эки адам Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен жеке ишкерге кол салышкан. Алар белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, ишкерди эски аэропортко алып барышкан. Жабырлануучунун 500 долларын жана 12 миң сом акчасын алып кетишкен.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Натыйжада шектүү катары Талас облусунун 25 жаштагы жашоочусу Бишкекте кармалды. Анын мурда соттолгондугу белгилүү болду.
Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат.
Учурда кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Жазык-процесстик кодексине 98-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген