Бишкекте жарандарды алдап 1,6 млн сом алган 19 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте жарандарды 1,6 миллион сомго алдаган деген айып менен шектүү катары 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБнен маалым болду.

Маалым болгондой, милиция бөлүмүнө бир аял арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде эки жаран өздөрүн “Форекс” биржа компаниясынын жумушчуларыбыз деп тааныштырышып, бул компанияга акча салса кайра 40-50 пайыз менен пайда табаарын убадалашкан. Ал аял алардын эсебине акча которгондон кийин алдамчылар из жашырып кетишкен.

Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып “204-Алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иши жүрүп, шектүү катары 19 жаштагы жаран кармалды. Ал учурда Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга №1 тергөө абагына алынды.

Мындан тышкары дагы 35 жаран ушундай эле арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан, келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.