Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө

Бишкектеги “Манас” кинотеатры менен  Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Өзбекстандын кино күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маданий иш-чара 4-5-декабрь күндөрү белгиленет. Ага ылайык,  “Өзбеккино” киностудиясы тарабынан тартылган “Ришта”, “Ата үйү”, “Калптын желесинде” аттуу толук метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чарага Өзбекстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы, эмгек сиңирген артист Матякуб Матчанов менен актер Улугбек Кадыров катышат.

Андан сырткары, 5-декабрда Бишкектеги “Космопарк” кинотеатрында саат 18.00дө Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте тарткан “Делбирим” тасмасынын бет ачары өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген