Бишкекте унаалардын номерин ылай менен жаап алган айдоочулар пайда болду

12-февралдан тарта, Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган. Анын алкагында эреже бузуулар видеокөзөмөл аркылуу автоматтык түрдө базага түшүп турган.

Бирок, долбоорду алдоо ыкмасын ойлоп тапкан айдоочулар пайда болду. Интернет айдыңында Бишкектеги айрым айдоочулар унаасынын номурларына ылай менен чаптап койгон видео тарады.

Ал арада, тийиштүү кызмат мындай айдоочуларга чара көрүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын  билдирди.

Учурда камералар борбор калаанын 10 кесилишине коюлган.

Сүрөт: Акипресс

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген