Бишкекте түрк автобустары пайда болушу мүмкүн

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов автобустарды чыгаруучу “BMC Sanayi ve Ticaret A.Ş.” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу борбор шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, коноктор өз продукцияларын сунушташты жана ассортимент жөнүндө сүйлөшүштү.

“Муниципалитет сунушталган продукциянын каталогун изилдеп, бул компаниянын автобустарын мурда сатып алган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдоону чечти”, – деп билдиришти мэриядан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.