Бишкекте “Санарип Кыргызстан – 2021” Улуттук кибер машыгуулары өтүүдө

Бишкекте 27-28-апрелде мамлекеттик органдар, жогорку окуу жайлары жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн “Санарип Кыргызстан – 2021” Улуттук кибер машыгуулары өтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Машыгуулардын негизги максаты – мамлекеттик органдардын киберкоопсуздук маселелери боюнча өз ара аракетин чыңдоо, тажрыйба алмашуу, көйгөйлүү маселелерди карап чыгуу жана оптималдуу чечимдерди табуу жана ошону менен биргеликте өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгуу менен мамлекеттик тутумдардын жана ресурстардын кибер коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди консолидациялоо.

“Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыз кылуу бир эле ведомствонун эмес, менчигинин түрүнө карабастан, бардык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдети экендигин түшүнүү керек», – деди УКМКнын киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун директору Жаныбек Жоробаев.

Тренерлер катары эл аралык компаниялардын киберкоопсуздук жаатындагы эксперттери, эл аралык Телекоммуникация Бирлиги, Group-IB жана Касперский Лабораториясы тарабынан берилген кибер платформалар чакырылган.

 “COVID-19 пандемиясы үйдөн жумушка, онлайн режиминде билим алууга жана онлайн кызматын колдонууну көбөйтүү менен Интернеттин колдонулушунун жана коомубуздун жашоо-турмушунун кескин өзгөрүшүн көрсөттү. Демек, бул ошондой эле киберкоопсуздукка байланыштуу жаңы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын көрсөттү », – деди элчи Пьер фон Аркс, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы.

Иш-чарага президенттик администрациянын, Коопсуздук кеңешинин, Өкмөттүн, Мамлекеттик санариптик өнүгүү кызматынын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү чакырылган.

Машыгууларды Мамлекеттик комитеттин киберкоопсуздук боюнча координациялык борбору ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Эл аралык электр байланыш союзу жана Softline LLC техникалык оператору менен биргеликте уюштургандыгы белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.