
Кечээ, 6-февраль күнү Бишкекте өрт кырсыгы катталып, эки адам мерт кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя, калаанын Скрябина көчөсүндө болгон. Маалыматка ылайык, иштилбей турган павильон толугу менен күйүп, ичинен 2 белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
Учурда окуяны милиция кызматкерлери иликтөөдө жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
- 07.02.2019