Бишкекте орнотулганына бир ай боло элек баатырдын эстелиги бузула баштады

Бишкек шаарындагы сейил бактардын бирине орнотулган Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги бузула баштагандыгын Фейсбук колдонуучулардын бири өз баракчасы аркылуу маалымдаган. Бул тууралуу 24kg сайты жазды.

Анда аталган эстелик Улуу Жеңиш күнүнө карата орнотулгандыгын, эстелик ачылгандан бери бир ай да өтө электиги айтылган.

Фейсбук колдонуучу Владимир Цайдын айтымында, эстеликке жазылган баатырдын аты-жөнүнүн тамгалары сыйрылып эле түшүп жатат, анткени тамгалар эки беттүү скотч менен гана жабыштырылып коюлган.

Эстеликтин ачылышы ушул жылдын 7-майында өткөн. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкек мэри Азиз Суракматов жана Орусиянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.