Бишкекте олимпиадалык спортчуларды тосуп алуу салтанаты өтөт

7 -августта Токио Олимпиадасына катышкан спортчулар мекенине кайтып келишет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

КРнын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара 7-августта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында өтөт.

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында өлкөбүздүн намысын коргогон спортчуларыбыз менен машыктыруучуларыбыз салтанаттуу иш-чарага катышып, эл менен жолугат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.