Бишкекте мото кайгуул кызматы иштеп баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте мото кайгуул кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматтын балансында борбордун төрт районун тейлей турган мотоциклдер бар. Велосипеддердин так саны кабарланган жок.

Моторлуу кайгуул  парктарды жана коомдук жайларды көзөмөлдөйт. Ошондой эле, ал мыйзамдуулукту жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды токтотууга, протоколдорду түзүүгө укуктуу. Кызматкерлерге рация, сигнал берүүчү жарыктар жана электрондук планшеттер берилди.

Эске салсак, Ecobike компаниясынын негиздөөчүсү Анвар Чукубаев шаардык ички иштер бөлүмүнө жаңы экологиялык  Police мотоциклин белек кылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.