Бишкекте Молдо Кылычтын 150 жылдыгы белгиленет

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимпоз-окумуштуулардын катышуусунда жазма акын жана ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине арналган жыйын өтөт. Бул тууралуу иш-чараны өткөрүү боюнча демилгечилер тобунун мүчөсү Нурлан Кожогулов билдирди.

Мааракелик жыйында акындын жаңы жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын бет ачары өтүп, өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө сөз болот. Ал жашап кеткен доор тууралуу тартылган видео тасма сунушталат. Мындан сырткары, Молдо Кылычтын чыгармачылыгын, аны изилдеген илимпоз Тазабек Саманчиндин өмүрү жөнүндө кыска пролог көрсөтүлөт.

Молдо Кылыч Шамыкан уулунун (Шамыркан уулу – 1866-1917) 150 жылдык мааракеси Кыргызстанда кеңири белгиленүүдө. Анын ысымы Кочкор районундагы орто мектептердин бирине ыйгарылган.

Акын “Зар заман”“Азаматтар”, “Сапар” санаттары, “Байтайлак” кошогу менен белгилүү .

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.