Бишкекте кыз унаа уурдоого шектелүүдө

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектелген кызды кармашты. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда маалымат боюнча, 4 -сентябрда саат 02:50 чамасында 102ге Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде унаа уурдалгандыгы тууралуу чалуу болгон.

Милицияга 1996 -жылы туулган кыз аларга кайрылып, бейтааныш кыз андан Subaru унаасын уурдап кетти деген арызы менен кайрылган.

Окуя болгон жерге патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, шектүү 1997 -жылы туулган А.Ф. экенин аныкташып аны тутукка алышкан. Ал Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.