Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында, 10-сентябрда Sheraton Bishkek отелинде түрк жана ата мекендик компаниялардын катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу инвестициялар министрлигинен билдиришти.

Анда маалымдалгандай, форумдун уюштуруучулары – Инвестициялар министрлиги жана Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңеши. Бизнес -форумга түрк тараптан экономиканын түрдүү тармактарынан 50гө жакын компания катышаары күтүлүүдө.

Иш -чаранын жүрүшүндө ата мекендик компаниялар Түркиянын потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан аркы ишкердик кызматташтыкты түзө алышат.

“Иш -чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номер боюнча катталышса болот: 0312 300 232 же WhatsApp 0772 710 333”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.