Бишкекте кыргыз-иран бизнес форуму башталды

Бишкекте кыргыз-иран бизнес форуму башталып, ага 140тан ашык компаниялар жана эки республиканын экономикалык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ирандык делегация кыргыз-иран кызматташтыгынын маселелерин, мүмкүн болуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара соода жүгүртүүдөгү товардык заттарды аныктоо, биргелешкен ишканаларды түзүү, атап айтканда, пластикалык хирургия жана ЭКУ клиникасын ачуу, жер семирткичтерди чыгаруучу завод, компания үчүн дары-дармек өндүрүү ж.б ушул сыяктуу маселелерди талкуулайт.

Белгилей кетсек, жолугушуу Иран менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода аймагы боюнча туруктуу келишимге кол коюунун алдында болуп жатат. Бүгүнкү күндө тарифтик жеңилдиктер колдонула турган товарлардын тизмеси аныкталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.