Бишкекте кумар оюндарын ойнотуучу көмүскө жай аныкталды

ИИМнин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаардан кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды табышты. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарында жайгашкан имараттардын биринен белгисиз жактардын тобу уюштурган кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарынын көмүскө жайын аныкташкан. Көмүскө жайда өздөрүнүн гана тааныштарын гана киргизип, купуялуулукту сактап келишкен.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзүшкөндүгү аныкталган жана компьютерлердин жанында 7 оюнчу бар болгон. Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан. Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган К.С. аттуу жашоочусу (аял киши) болгон. Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган.

Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү бет кап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган.
Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. аттуу жашоочусуна (аял киши) таандык.
Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген