Бишкекте кичи автобустун айдоочусу ымыркайы жана коляскасы бар аялды салонго киргизүүдөн одоно түрдө баш тартты

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы № 203 маршруттук таксинин айдоочусу коляскасы бар эне-баланы кичи автобуска киргизбей, күч колдонуп аны чыгарып салган видео соц. тармактарда тарап, коомчулуктун терс пикирин жаратты.

Учурда аталган айдоочу иштен алынып, жазага тартылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, видео чыккан соң Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чарасын жүргүзүп, Арча-Бешик-Дордой каттамына каттаган № 203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

“Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автрбустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм ошол себептүү колясканы салонго салган эмес. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сураарын билдирген. Учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук ИИБнын дознание бөлүмүнө жеткирилүүдө. Кошумчалай кетсек 203 машурттук каттамдын биргадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынды”, – деп жазылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.