Бишкекте эстеликтердин жанына QR коду бар белгилер орнотула баштады

Бишкекте эстеликтердин жанына QR коду бар жазуулар орнотула баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Эми каалаган адам кодду сканерлеп, эстелик тууралуу бардык маалыматты, качан орнотулганы, кимге арналганы, адамдын өмүр баяны тууралуу фото жана видео материалдарды ала алат.

Ардак такталар Бишкектеги эстеликтерде гана эмес, бүтүндөй өлкөдө пайда болору күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.