Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери башталды

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун беттештери башталды.

Беттештер саат 11:00дө башталды.

Бүгүнкү мелдеште 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмак ченинде жалпы 169 балбан килем үстүнө чыгат.

Ал эми финалдык беттештери саат 17:00дө башталат.

Эске салсак, кечээ, 29-январда ошол эле спорт ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи күнү башталып, анда 74 килограмм салмак ченинде Арсалан Будажапов атаандашы Чыңгыз Садыковду 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.