Бишкекте дарыгерлер митингге чыгышты

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алтымышка жакын кызматкери тынчтык митингине чыгышты. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыпташат. Ага кошо жааматты бөлгөндүгү үчүн аны кызматтан алуу талабын коюшту.

Алардын айтымында, Шакиров 9 айдын ичинде 102 кызматкерди мыйзамсыз иштен бошотуп, айрымдарынан  акча талап кылган. Мындан улам нааразы тарап Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге жолугушушту. Министр алардын талабын угуп, Шакировду кызматынан бошотуу чечими чыккандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Айдарбек Шакиров кызматка 2017-жылдын февраль айында келген.

Акыркы кездерде коомчулукта ак халатчандарга карата сын-пикирлер көбөйүүдө. Анткени өлкө аймагында медицина тармагында коррупция гүлдөп, дарыгерлер бейтаптардын акча талап кылган фактылар жоюлбай келет.  Буга чейин парламент саламатыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишмердүүлүн сынга алып, анын кызматына татыксыз экендигин айтышкан.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar