Бишкекте бейтаптын ашказанынан салмагы 1 кг болгон чач табылды

22-ноябрда Улуттук хирургия борборунда бейтаптын ичинен 1 кг болгон чачтын түймөгү чыккандыгы тууралуу Акипресс сайты жазды. 

18-ноябрда Улуттук хирургия борборуна 33 жаштагы бейтап кайрылып, соңку 3 айдан бери ичи ооруп, тамак ичкенден кийин кусуп жатканын жана арыктап кеткенин айткан.

Медициналык кароодон жана операциядан кийин бейтаптын ичине көп жылдардан бери чач топтолуп келгени белгилүү болгон. Топтолгон чачтын салмагы 1 кг болчу.

Чачтардын топтолушуна бейтаптын чачтарын оозуна салып, жута берген жаман адаты себеп болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген