Бишкекте Азиз Суракматовду кайрадан мэрлик кызматка коюу аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдында мурдагы мэр Азиз Суракматовду мэрлик ордуна кайтаруу митинги өтүп жатат.

Митингдин катышуучулары экс-мэрди кабинетине алып кирип, мэрлик ордуна олтургузушту.

Кызмат бөлмөсүнө кирип чыккан Суракматов аны кызматка кайтаруу аракетин көргөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

“Мен мынча адам чогулат деп ойлогон эмесмин, рахмат баарыңарга. Мен иштен кеткеним менен, шаардын көйгөйлөрүн карап, дайыма байланышта болуп турдум. Учурда шаарда оор кырдаал болуп жатат. Эл үшүп, жылуулукка муктаждык жаралууда, ага кошумча коронавирус дагы күчөп жатат. Мындай учурда шаардык кеңештин мүчөлөрү чогулуп , бирдиктүү иш алып баруубуз керек. Талап-тоноочулукка, бейбаштыка жол бербешибиз керек. Ушул эң негизгиси”,-деди Азиз Суракматов.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов 6-октябрь күнү шаар башчылык кызматтан кетүү арызын жазган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.