Бишкекте активисттер элди насыя алып, той өткөрбөөгө чакырышты

Өткөн түндө активисттер борбор калаадагы көчөлөргө, банктардын алдына «Тойго насыя алба!» деп жазып чыгышкан.

Уюштуруучулар муну жарандар насыя алып той өткөрүүгө каршы экенин жүйө келтирип, бирок банктардын ишмердүулүгүнө каршы эмес экенин, болгону ал жерге келген жарандар бул эскертүүнү окушу керек деп белгилешти.

Улуттук банктын азырынча бул акциядан кабары жок. Башкы финансылык мекеменин өкүлү Айгүл Молдобекова түпкүлүгүндө активисттердин идеясын колдой турганын билдирди.

Кыргызстанда акыркы убактарда банктан кредит алып той өткөргөн көрүнүш күч алган. Айрым мааалыматтарга караганда кыргызстандыктардын бир жылда  тойго чыгымдаган каражаты өлкөнүн тышкы карызына чамалап барат деп айтылып жүрөт.

Улуттук банктын расмий маалыматына караганда ушул жылдын 7-февралына карата Кыргызстанда 25 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Булак: Калыс

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген