Бишкекте «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы башталды

Бүгүн, 12-ноябрда борбордо «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык  фестиваль  өз ишин баштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков фестивалдын катышуучуларына куттуктоо жолдоду.

«Бүгүн бизди гениалдуу жазуучу, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармачылыгы баш коштуруп турат. Айтматов жана театр — бул чыгармачыл айкалышуунун символу», — деп белгиленет куттуктоодо.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракенин алкагында фестиваль 2018-жылдын 17-ноябрына чейин уланат. Жума бою Бишкек Россиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген театралдык жамааттарды кабыл алат.

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан жана Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынан көрүүгө болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген