Бишкекте адам өмүрүн алган кырсык жүз берди. Видео

Бишкек шаарында унаа эркек кишини өлтүрө сүздү. Кырсык болгон жердеги видеону белгисиз жаран Telegram-каналдагы Shtraf__kgге жайгаштырган.

Күбөлөр билдиргендей, кырсык түнкү саат 02:40 чамасында Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде жүз берген. Маркумду унаа жөө өтмөктөн сүзгөн.

Учурда кырсыктын чоо-жайы изилденип жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген