Бишкекте 14 мектеп аралыктан окууга өттү

Бишкекте коронавирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп, мындан улам 26-апрелден тарта 14 мектеп аралыктан окууга өттү.

Шаардагы 14 мектептен тышкары эки бала бакча дагы карантинге жабылды.

Буга чейин Бишкектеги 24 мектептин окуучу жана мугалимдеринен COVID-19 вирусу аныкталгандыгы маалым болгон.

26-апрелге карай борбор калаада бир сутка ичинде 138 адамга коронавирус жукканы аныкталган. Өлкө боюнча төрт киши каза тапты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.