Бишкекке жөө кеткен аялдар артка кайтышты. Видео

Президентке кайрылуу үчүн борборго жөө кеткен Кара-Суунун эки тургуну жүрүшүн токтотушту. Алар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата районуна чейин барып артка кайтышты. Бул тууралуу “Ынтымакка” жөө жүрүшкө чыккан аялдардын бири Орозкан Токторалиева билдирди.

Анын айтымында, аларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдын аксакалдары 10 күндө маселесин чечип берүүнү убадалап артка кайтарышкан.

 

“Бизди Кочкор-Атага жетип калганда айыл өкмөттөн өкүлдөр барып, кайра Кара-Сууга  алып келишти. Маселебизди  10 күндүн ичинде чечип беребиз деп убадалашты. Эгерде бул убакыттын ичинде келишимди аткарышпаса жөө жүрүшүбүздү кайрадан улантабыз”-деди ал.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну 1,5 жылдан бери жер ала албай жаткандарын айтып, даттанышкан. Алар борбор калаага президентке кайрылуу үчүн 8-апрелде жөө жөнөп кетишкен эле. Бирок, 14-апрель күнү алар келишим менен артка кайтышкан.

Жалпысынан алар Ош шаарынан Кочкор-Атага чейин 157 км жол жүрүшкөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген