Бишкек ЖЭБтеги коррупция боюнча айыпталгандардын иши сотко өттү

Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деген себеп менен айыпталып жаткан 8 кызматкердин ишин Свердлов райондук сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Алар:

Сапар Исаков,

Жантөрө Сатыбалдиев,

Осмонбек Артыкбаев,

Айбек Калиев,

Салайдин Авазов,

Жолдошбек Назаров,

Темирлан Бримкулов,

 Ольга Лаврова.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин буга чейин берген маалыматы боюнча Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген