Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү белгилүү болду

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү белгилүү болду. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, эки борбордун башчыларын шайлоо 26-августка белгиленген.

Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен тиешелүү шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтүнө шайланары көрсөтүлгөн.

Тиешелүү шаардык кеңештин фракциялары, коалициялары жана министрлер кабинетинин башчысы талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. Азыркы мыйзамда ушундай деп жазылган. Жаңы долбоор биринчи окууда гана кабыл алынып, күчүнө кирген жок.

Белгилей кетсек, Таалайбек Сарыбашов учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууда. Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы жана президенттин иш башкармалыгында төрага кызматын аркалаган Алмаз Мамбетов Ош муниципалитетинин башчысынын милдетин аткаруучусу болуп калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.